• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Камактагы Зарина Төрөкулова айып изоляторуна киргизилген

24 Тогуздун айы 202414:10 Бишкек Govori.TV

Камактагы жарандык активист Зарина Төрөкулова айып изоляторуна киргизилген. Бул тууралуу анын кызы Айман Ырысбекова «Азаттыка» билдирди.

«Ошол жакта аялдардын укугу бузулуп жатканда, биздин укукту коргоп бергиле деп жетекчиге кирсе, «макул» деп коюп эле арыз жазгандын баарын айып изоляторуна кечээ киргизиптир. 15 суткага киргизиптир, негизи үч же жети күнгө эле киргизет да. Апамдын жүрөгү ооруп жаткан, ага карабай киргизип салыптыр», — деген ал.

Азырынча Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу комментарий бере элек.

16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон. Бирок, прокуратура апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. 5-апрелде Бишкек шаардык соту ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарып, кайра камакка алган.

3-июлда Жогорку сот жарандык активист Зарина Төрөкуловага Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган.

УКМК Зарина Төрөкулова “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын былтыр 11-сентябрда билдирген. Активист “социалдык тармактарда “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси менен иш козголгон.

Количество просмотров: 187