• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Тажикстанда жарыктын өчүшүнө нааразычылыктар көбөйдү

21 Бирдин айы 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын бир катар аймактарынын жашоочулары мурда электр энергиясы түнкүсүн өчүрүлүп келсе, азыр күндүз саат 9:00дөн 17:00гө чейин үзгүлтүккө учурап жатканын айтышууда.

“Озоди” радиосунун угармандары чектөө Душанбеге жана анын четиндеги конуштарга да жеткенин билдиришип, караңгы үйлөрүнөн видеолорду жөнөтүшүүдө.

Тажикстанда электр энергиясын пайдаланууга “чектөө” киргени расмий түрдө 1-февралда жарыяланган. Жашоочулар болсо мындай абал күздөн бери эле болуп жатканын айтышууда.

“Барки Тажик” улуттук энергохолдинги чектөөнү суроо-талап көбөйгөнү жана суу сактагычтагы суунун азайганы менен түшүндүрдү.

Бул арада Тажикстандын Статистика агенттигинин башчысы Жамшед Нурмухаммадзода былтыр Ооганстан менен Өзбекстанга 106 миллион долларга электр энергиясы сатылганын айтты.

Жыл сайын тажик бийлиги күз-кыш маалында калк электр менен толук камсыздаларына убада берет. Бирок жарыкты маал-маалы менен өчүрүү дайыма кайталанып келет.

Количество просмотров: 47