• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тажикстанда ЖОЖдун кароолчусу атайын өрт койгон деп шектелүүдө

22 Аяк оона 202316:07 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 20-сентябрга караган түнү Хожент мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бири атайылап өрттөлгөнүн билдирди.

«№5 корпуста чыккан өрт 400 чарчы метр аянтка жайылып, аны өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү унаасы тартылган. Өрт өчүрүлгөндөн кийин ал жакты карап чыккан адистер имаратка атайылап өрт коюлганын аныкташты», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Болжолдуу иликтөөнүн жүрүшүндө имаратка Хожент шаарынын 1967-жылы туулган жашоочусу Абдусаттор Хайдаров өрт койгону аныкталган.

ЖОЖдун ректоратынан «Озоди» радиосуна Хайдаров университетте кароолчу болуп иштегенин билдиришкен. Анын мындай кадамга эмне себептен барганы белгисиз.

Бийлик өрткө байланыштуу бардык жагдайлар тергөө иштеринин жыйынтыгында белгилүү болорун билдирди. Азырынча келтирилген чыгымдын көлөмү аныктала элек.

Бобожон Гафуров атындагы Хожент мамлекеттик университети Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири жогорку окуу жайы болуп эсептелет. Анын сегиз окуу корпусу бар.

Количество просмотров: 194