• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстанда жумушсуздардын саны көбөйдү

11 Баш оона 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 8,6% көбөйдү. Айрым эксперттер жумушсуздардын чыныгы статистикасы расмийге караганда алда канча көп деп эсептешет.

Тажикстандын Статистика агенттигинин өкүлү Абдували Набизода өлкөдө жумушсуздардын саны 55,8 миң киши экенин, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,6% көптүгүн айтты.

Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министри Ширин Амонзода быйылкы жылдын алты айында 36 миң киши жумушка орноштурулганын билдирди. Ал 11 миң адам окуудан өткөнүн, жумуш жарманкелеринде 70 миңден ашуун орун сунушталганын белгиледи. Бирок сунушталган жумуштардын маянасы аз болгондуктан кишилерди кызыктарбай жатат.

Тажикстан мыйзамдарына ылайык, жумушсуз катары каттоодон өткөн кишилер мамлекеттен үч айга 600 сомониден (60 долларга жакын) жөлөк пул алат.

Количество просмотров: 73