• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тажикстанда журналист 7 жылга соттолду

5 Жетинин айы 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту журналист Завкибек Саидаминини жети жылга эркинен ажыратты. Буга чейин прокурор ага 7,5 жылдык жаза сураган.

Өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясы» жана оппозициялык «Группа 24» кыймылы менен кызматташууга айыпталган Саидамини акыркы сөзүндө күнөөсүз экенин айтты.

Адвокат журналистке карата сот өкүмү 3-ноябрь күнү кечинде Душанбедеги тергөө абагында өткөн отурумда чыкканын билдирди. «Саидамини менен кеңешкенден кийин өкүм боюнча жогорку баскычтарга даттануу-даттанбоо тууралуу чечим кабыл алабыз», – деп кошумчалады адвокат.

38 жаштагы Завкибек Саидамини быйыл 8-июлда Вахдат шаарында кармалып, Душанбедеги тергөө абагына жеткирилген. Ал мамлекеттик телеканалдан кеткенден кийин соода менен алектенип, андан соң курулушта кранда иштеп жүргөн. Ошол эле маалда блогерлик кылып, акыркы кездери камалган журналисттердин маселесин көтөрүп келген.

Количество просмотров: 136