• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажикстандагы эң ири мечиттин ачылышы болот

26 Бугу 2023 9:04 Бишкек Govori.TV

Катардын каражатына курулган Тажикстандагы эң ири мечиттин ачылышы 8-июнда өтөт. Бул тууралуу «Озоди» радиосу бийликтеги өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, атайын бул иш-чара үчүн Душанбеге Катардан жогорку кызматтагы адамдардан турган делегация келет. Бул мааалыматты Тажикстан президентинин басма сөз кызматы ырастады.

Буга чейин долбоордун наркы 100 миллион долларды түзгөнү, анын 70% Катар, 30% Тажикстан өкмөтү каржылаганы кабарланган.

Душанбедеги жаңы борбордук мечитке бир эле маалда 120 миң киши батары айтылууда. 12 гектар жерди ээлеп турган мечит 65 метрлик төрт мунарадан жана 47 метрлик башкы куполдон турат. Анда намаз окуучу жайы, китепканасы, музейи, жыйындарды өткөрүүчү залы болот.

Мечиттин курулушу 2011-жылы башталган.

Теги:
Количество просмотров: 95