• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тажикстандын 10 миллионунчу жараны төрөлөт деп күтүлүүдө

30 Кулжа 2022 9:31 Бишкек Govori.TV

Августта 10 миллионунчу тажикстандык жарык дүйнөгө келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

2020-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, Тажикстанда калктын саны 9 миллион 661 миң кишини түзгөн. Алардын 4 миллион 901 миңи эркектер, 4 миллион 760 миңи аялдар болгон.

«Азия-Плюс» агенттиги өлкөнүн Сатистика агенттигине шилтеме кылып, Тажикстанда калктын саны 2022-жылдын биринчи кварталында 9 миллион 934 миң кишини түзгөнүн билдирүүдө.

9 миллионунчу тажикстандык 2018-жылы 26-майда жарык дүйнөгө келген. Душанбенин мэри анын ата-энесине шаардан үч бөлмөлүү батир белек кылган.

Тажикстан мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен төрөт көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда турат. Өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясына ылайык, 2030-жылга карата Тажикстан калкынын саны 11 миллиондон ашат. Расмий статистикалык маалыматка ылайык, өлкөнүн калкы жыл сайын 200 миң кишиге көбөйүүдө.

Тажикстан расмий түрдө төрөттүн санын чектөөгө аракет кылып, үй-бүлөлөргө азыраак балалуу болууну сунуштаган Борбор Азиядагы жалгыз өлкө.

Үч жыл мурда Тажикстандын өкмөтү 2019-2022-жылдарга карата тукум улоо саламаттыгынын мамлекеттик программасын жактырган. Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине бардык медициналык мекемелерди бойго бүтүрбөөчү дарылар жана каражаттар менен бекер камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Мындан тышкары адистер аялдардын саламаттыгына басым жасап, келиндер ден соолугуна зыян келбеши үчүн бир канча жыл эс алып төрөшү керек экенин түшүндүрүп турушары айтылган.

Количество просмотров: 173