• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстандын 10 миллионунчу жараны жарык дүйнөгө келди

25 Теке 2022 9:27 Бишкек Govori.TV

23-июлда Душанбе шаарындагы №2 төрөт үйүндө Тажикстандын 10 миллионунчу жараны жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук «Ховар» агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, Фирдавс деген ысым берилген наристе 3 килограмм 250 грамм салмакта төрөлүп, бою 50 сантиметрди түзөт.

10 миллионунчу тажикстандыктын атасы Фаридун Баротов эмгек мигранты, апасы Махфират Шокирова үй кожойкеси. Мамлекет аларга Душанбе шаарынан үч бөлмөлүү батир белек кылды.

15-июлда Тажикстандын юстиция министри Музаффар Ашуриён быйыл алты айдын ичинде өлкөдө 111,5 миң бала төрөлгөнүн билдирген. Бул 2021-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 6% көп.

2020-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, Тажикстанда калктын саны 9 миллион 661 миң кишини түзгөн. Алардын 4 миллион 901 миңи эркектер, 4 миллион 760 миңи аялдар болгон.

Тажикстан мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен төрөт көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда турат. Өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясына ылайык, 2030-жылга карата Тажикстан калкынын саны 11 миллиондон ашат. Расмий статистикалык маалыматка ылайык, өлкөнүн калкы жыл сайын 200 миң кишиге көбөйүүдө.

Количество просмотров: 404