• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тажикстандын билим берүү жана илим министри кызматтан алынды

21 Бирдин айы 2022 15:41 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын билим берүү жана илим министри Мухаммадюсуф Имомзода 21-февралда кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Озоди» радиосу министрликтеги эки булагына шилтеме кылып кабарлады.

Бул арада «Азия-Плюс» агенттиги ишенимдүү булактарына таянып, бул кызматка Душанбедеги «МИСиС» Улуттук технологиялык иликтөө университетинин башчысы Рахимжон Хамро Саидзода дайындаларын жазды.

Мухаммадюсуф Имомзода билим берүү министри кызматына 2020-жылы январда келген. Ал — педогогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор.

2021-жылы 21-декабрда тажик президенти Эмомали Рахмон билим берүү системасын сынга алган. Парламентте сөз сүйлөгөн президент окуу программасы эскиргенин, университеттер болсо «кагаз» дипломдорду гана берип калганын айткан.

Тажикстандын башчысы 10 жылдан кийин өкмөттө жана мамлекеттик кызматта тажикчеден тышкары дагы эки чет тилди билгендерди гана кызматка алуу жөнүндө мыйзам кабыл алууну сунуштаган.

Количество просмотров: 51