• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажикстандын делегациясы Сириядагы качкындар лагерине барды

28 Чын куран 2022 9:19 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын укук коргоо органдары менен дипломаттарынан турган делегация Сириянын түндүгүндөгү «Родж» деп аталган качкындар лагерине барып, андагы тажик жарандары менен жолугушту.

«Озоди» радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, делегациянын негизги максаты – лагерде кармалып турган 20га жакын тажикстандык аялды жана алардын балдарын мекенине кайтаруу үчүн бардык шарттарды түзүү. Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө Сириядагы «Аль-Хол» жана «Родж» лагерлеринде жалпысынан 600гө жакын тажик аял жана балдар бар.

«Родж» лагеринде кармалып турган тажикстандыктардын бири «Озоди» радиосу менен байланышка чыгып, делегация мүчөлөрү алардын аты-жөнүн жазып алып, Тажикстанга жеткирүүнү убадалашканын билдирген.

Тажик делегациясы «Родж» лагерине барганын Тажикстандын Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода да ырастады. Бул дипломатиялык өкүлчүлүк Сириядагы аялдар менен балдарды Тажикстанга кайтаруу менен алектенет.

«Мамлекет башчынын тапшырмасы менен азыр биз айрым маселелерди, анын ичинде аялдардын кимиси мекенине кайтууну каалай турганын тактап жатабыз. Бул иш президенттин жана Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө», — деди элчи.

Сириядагы лагерлерде кармалып турган аялдардын көбү бул өлкөгө «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен күйөөлөрүн ээрчип келгенин айтышкан.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон былтыр апрелде Исфара шаарынын тургундары менен жолукканда Сирия лагерлериндеги 500 тажикстандык аял менен балдары өлкөгө кайтарыла турганын айткан.

Тажикстанда Сириядагы лагерлерде кармалып турган тажикстандык аялдарга каршы кылмыш иштери козголгон. Өз кезегинде аялдар лагерде калганча мекенинде түрмөгө камалуу жакшы экенин билдирип келишет.

Тажикстандын бийлиги 2019-жылы Ирактан тажик жарандарынын 80ден ашык баласын мекенине алып келген.

Тажик өкмөтүнүн маалыматына караганда, 2014-жылдан бери 2 миңге жакын тажик жараны Сирия менен Иракка барып, «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулган. Алардын көбү каза болуп, түрмөгө камалып же дайынсыз жоголгон.

Количество просмотров: 79