• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сирияда Башар Асаддын атасынын мүрзөсүн тебелеп-тепсеп, талкалашты

11 Бештин айы 202413:57 Бишкек Govori.TV

Сириядагы авторитардык режимди кулаткан куралдуу оппозициянын мүчөлөрү Россияга баш калкалап кеткен Башар Асаддын атасы, мурдагы президент Хафез аль-Асаддын мүрзөсүн тебелеп, тепсеп, талкалап кетишти. Бул тууралуу кабарлар маалымат айдыңында тарап жатат.

Хафез Асад 2000-жылы өзү өлгөнгө чейин Сириянын президенти болуп турган. Ал Сирияда 30 жыл бийлик жүргүзгөн. Ал эми анын баласы Башар Асад 2000-жылы президент болуп калган.

Буга чейин куралдуу оппозициялык күчтөр Дамаск шаарын басып киришкен. Башар Асад отставкага кетип, Россияны көздөй качкан. Ал эми бийликти өткөрүп берүүнү мурдагы өкмөт башчы Мухаммад Гази аль-Жаляли ишке ашырган.

Кечээ 10-декабрда «Хайат Тахрир аш-Шам» тобунун лидеринин жардамчысы аль-Жулани Мухаммед аль-Башир өзүн өткөөл учурдун өкмөт башчысы катары жарыялап, өкмөт 2025-жылдын мартына чейин иштей тургандыгын билдирди.

Количество просмотров: 203