Чек арага жакын жайгашкан Ак-Сай айылынын тургуну жеке ишкер, тоок фабрикасынын кожоюну Матиса Надиров Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусу учурунда өлтүрүлгөн. Бул тууралуу ЖМКлар анын айылдаштарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, тажик тарап ишкерди өлтүрүп, тоок фабрикасын өрттөп кетишкен.
Кошумчалай кетсек, чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 36 жетти, 134 адам жабыркады.