Капитан Эламан Ураимов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда милдетин аткарып жатып каза болгон.
Эламан Ураимов 29 жашта болгон. Анын артында аялы жана эки баласы калды.
«Эламан Ураимов Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Чек ара заставаларынын бирине кол салуу учурунда аскер кызматкери кесиптештерине кооптуу аймактан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берген», — деп айтылат маалыматта.
Эламан Ураимовдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди.
«Ал курчоодо калса да, өзү эле эмес, он чакты душманды кошо граната жардырып, ала кетиптир. Эламандын эл үчүн, жер үчүн өз өмүрүн да аябай, эрдик кылганын эл туура баалап эле, туура кубаттап жатышат», — деп билдирген Эламан Ураимовдун атасы Курстан Бегиев.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан акыркы маалыматка караганда, 16-сентябрдагы куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 36 адам мерт болду, 134 адам жараат алган. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.