• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

27 Жетинин айы 2019 19:26 Бишкек Govori.TV

​ Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. ​

«Манас» эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Уюмга Россия Федерациясы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы мүчө болуп саналат.

Количество просмотров: 87