• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажикстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады

21 Жалган куран 2022 10:45 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон КР президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Бүгүнкү күндө эл аралык майрам статусуна ээ болгон байыркы Нооруз өзүнүн терең руханий мааниси менен адамзаттын кызыкчылыгына кызмат кылып келе жатканы кубандырат.

Биздин замандын оор социалдык-экономикалык жана геосаясий шарттарында Жаз майрамынын жалпы адамзаттык баалуулуктары кайра жаралуу жана жаратуу, тынчтык жана бейпилдик, достук жана биримдик, өз ара түшүнүшүү жана тилектештик, өз ара урматтоо жана колдоо идеалдарын камтыган өзгөчө мааниге ээ.

Мен кыргыз-тажик кызматташтыгы жана ынак коңшулук мамилелери куттуу Нооруз майрамынын жакшы салттарын улантуу менен келечекте биздин элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп жана кеңейе берерине терең ишенем», — деп белгиленет Тажикстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 294