• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Тажикстандын президенти “Ынтымак Ордого” келди

13 Жалган куран 202511:02 Бишкек Govori.TV

“Ынтымак Ордодо” Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду тосуп алуу салтанаты өтүүдө.

Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана эки өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Тажикстандын президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кечээ, 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. “Манас” эл аралык аэропортунда Тажикстандын президентин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алган.

Количество просмотров: 95