• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстандын транспорт министри өз өмүрүнө кол салды

11 Баш оона 2020 15:32 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода өз өмүрүн кыюуга аракет кылгандан кийин ооруканага жеткирилди.

Башкы прокуратура окуя 11-август күнү эртең менен үй-бүлөлүк жаңжалдан улам болгонун билдирди.

Маалыматта 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бычак менен өзүнө кол салганы айтылат.

Уруш чыккан маалда аялы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү үйдө болгон, алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Ушул тапта министр «Истиклол» ооруканасында, ага операция жасалды. Абалы канааттандырарлык.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Количество просмотров: 87