• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Тажикстанга жарым жылда 480 мигранттын сөөгү жеткирилди

24 Баш оона 202214:45 Бишкек Govori.TV

Быйыл жарым жылда четте, негизинен Орусияда иштеп жүргөн 480 тажик жараны кайтыш болду. Бул тууралуу centralasian.org сайтына жарыяланды.

Тажикстандын Миграция кызматынын маалыматына ылайык, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 149га көп.

Өлүмгө оору, коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы, кырсык, киши өлтүрүү жана башка учурлар себеп болгон.

Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министри Ширин Амонзода быйыл февралда мигранттардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөтүлөрүн билдирген. Бул арада мигранттар диаспора өз алдынча акча чогултуп, сөөктөрдү Тажикстанга жөннөтүп жатканын айтышууда.

Количество просмотров: 226