• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тбилисиде «чет элдик агент» мыйзамына каршы акцияда 14 киши кармалды

16 Чын куран 2024 16:58 Бишкек Govori.TV

Тбилисиде «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамга каршы митингде 14 адам кармалганын Грузиянын Ички иштер министрли билдирди.

15-апрелде эртең менен Тбилисиде жана Грузиянын башка шаарларында «чет элдик агент» мыйзамына каршы нааразылык акциялары башталган. Тартип коргоочулар менен демонстранттар ортосунда кагылышуу катталып, бир нече адам кармалган.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, «митингчилердин зомбулук аракеттеринин натыйжасында» бир полициячы жарадар болду. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү.

Митингдин катышуучулары «майда бейбаштык жана бийлик өкүлдөрүнүн талаптарына баш ийбөө» үчүн кармалышкан.

Бир күн мурда Грузия парламентинин Укуктук маселелер боюнча комитети «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон. Биринчи угуу 16-апрелге белгиленген. Ал өткөн жылы демилгеленип, нааразылык акцияларынан кийин кайра артка кайтарылган мыйзам долбооруна эле окшош.

Сырттан каржыланган жарандык коом уюмдарын чектеп, аларды «чет өлкөлүк агент» деп жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорунун оппоненттери ал Орусиянын бийликти көзөмөлдөгөн, сындаган оппозицияга жана эркин медиага басым жасоо үчүн кабыл алынган мыйзамына окшош экенин айтып келишет.

Количество просмотров: 57