• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Чет элдик агент» мыйзамы ЖК комитетинде каралат. Эксперттер аны четке кагуу чакырыгын айтышты

18 Аяк оона 2023 12:02 Бишкек Govori.TV

Эртең, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «чет элдик өкүл» түшүнүгүн киргизүү сунушталган мыйзам долбоорун карайт.

Долбоордун демилгечилери катары төмөнкү депутаттар көрсөтүлгөн:

Надира Нарматова, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Шайырбек Ташиев, Нурбек Алимбеков, Кундузбек Сулайманов, Карим Ханжеза, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурлан Ражабалиев, Алишер Эрбаев, Жеңишбек Токторбаев, Максатбек Сарбагышев, Султанбай Айжигитов, Айгүл Айдарова, Элдар Сулайманов, Акылбек Түмөнбаев, Динара Исаева, Арсланбек Малиев.

Ошол эле учурда айрым депутаттар мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартышкан.

Саясат талдоочу Эмил Жороев документти парламент колдобошу керек деген ойдо.

«Чет өлкөлүк өкүл түшүнүгүн сунуштаган талаштуу мыйзам долбоору боюнча көп нерсени айтса болот. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экинчи сессиясында дагы аталган долбоордун дарегине сунуш, пикирлер айтылды. Министрлер кабинети тарабынан берилген баада эң сылык-сыпайы тилде бирок ток этээр жерине алып келе турган болсок, бул документти мыйзам кылып кабыл алуууга жарабайт дегенге тете баа берилген. Бейөкмөт уюмдарынын жоопкерчилиги азыркы мыйзамда ашыгы менен каралган. Ар кандай саясий өңүттө айтылган сөздөр, бийликтин саясатын колдобоо же сынга алган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып калуу биздин Баш мыйзамга шайкеш келбей турганын айтып жатышат. Дагы белгилей кетчү жагдай, бул мыйзам Орусиядан көчүрүлгөн. Долбоор катары сапатсыз, сабатсыз жазылганын юристтер баса белгилеп келишет. Бир ууч депутаттардын жетегинде калбай, Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун четке кагыш керек деген ойдомун»,-деди Жороев.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, өлкөдө сөз эркиндигин, жарандык жана саясий укуктарды жактаган көптөгөн бейөкмөт уюмдар жабылышы мүмкүн экенин айтты.

«Кыргыз Республикасында Россия Федерациясындагыдай эле бейөкмөт уюмдар үчүн чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамды кабыл алууну каалашат. Ал эми өлкөдө сөз эркиндигин, жарандык жана саясий укуктарды жактаган көптөгөн бейөкмөт уюмдар жабылышы мүмкүн»,-деди ал.

Количество просмотров: 76