“Бир дүйнө-Кыргызстан” бейөкмөт уюму бирикмелерди түзүү эркиндигине болгон конституциялык укугун жана жарандардын коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга катышуу укугун коргоо максатында сотко кайрылды.
2024-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен “Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүүнүн жана алардын ишине аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын токтомун кабыл алган.
Бул жобо коммерциялык эмес уюмдарды (КЭУ)-чет өлкөлүк өкүлдөрдүн реестрине киргизүү тартибин, милдеттүү финансылык аудитти жүргүзүүгө талаптарды жана КЭУ мамлекеттик текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана башка талаптарды белгилейт.
Токтом менен таанышып чыккан юристтер, министрлер кабинети тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ЕККУ/ДИАУБ бирикмелердин эркиндиги боюнча сунуштамалары, жана башка мыйзамдары бузулган жана сакталбаган деген жыйынтыкка келишкен.
Буга байланыштуу “Бир дүйнө-Кыргызстан” уюму Кыргызстандын өкмөтүнүн токтомун жараксыз деп табуу боюнча Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылган.
2025-жылдын 14-январында соттун кезектеги отуруму болуп, иш маңызынан каралды. Ошол эле күнү тараптардын пикирлерин угуп, иштин материалдарын карап чыккан соң, сот – «Бир Дүйнө — Кыргызстан» коомдук бирикмесинин административдик доосун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
«Бир Дүйнө — Кыргызстан» КБ Бишкек шаарынын Административдик сотунун жүйөлөштүрүлгөн жазуу жүзүндөгү чечимин алгандан кийин уюм мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылууга ниеттенет.
Кыргызстандын “чет элдик өкүлдөр” жөнүндөгү мыйзамы көбүнчө 2012-жылы чыккан “чет элдик агенттер” жөнүндөгү Орусиянын мыйзамынын көчүрмөсү.