Грузиянын Ички иштер министрлиги Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.
«Эхо Кавказ» сайты акция түнү менен уланып, айрым митингчилер полиция тарапка фейерверк атып, парламент имаратындагы “Грузин кыялы” партиясынын кеңсесине чейин кирип барганын жазды.
Полиция нааразычылык акциясына чыккандарды парламент имаратынын жанынан сүрүп чыкты. Митингчилер электрчыгырык, таштанды челектерди тосмо катары пайдаланып, от жагышты. Таңга маал кармоолор башталды. Mtavari телеканалы күч кызматкерлери жерде жаткан жаш жигитти башка тээп жаткан видеону жарыялады.
ИИМ кармалгандарга “майда бейбаштык жана полицияга баш ийбөө” беренелери менен протокол толтурулганын билдирди. Нааразылык акциясында 10 полиция кызматкери жабыркаган. Митингчилердин арасында канча киши жаракат алганы айтылган жок.
Булак: Азаттык.