• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Теңиз Бөлтүрүк кармалды

13 Аяк оона 202220:32 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктү кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов кармалган.

«Кармалгандардын бардыгы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ишин текшергенден кийин Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 3774