Бишкек.14.03.2018.Govori.TV
Бишкек ЖЭБине кытайлык ТВЕА компаниясы койгон кубаттуулугу 250 МВА эки трансформатордун баасы 6 миллион долларга кымбат көрсөтүлгөн. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынан ишенимдүү булак билдирди.
Маалым болгондой, ЖЭБди модернизациялоонун негизинде кытайлык ТВЕА компаниясы Кыргызстанга берген 20 миллион доллар гранттын 9 миллион долларына кубаттуулугу 250 МВА эки трансформатор коюлган. 9 миллион доллардын ичине трансформаторлорду монтаждоо иштери да кирген. Бир трансформатордун баасы 4 миллион 500 миң долларга айланган.
Бирок, 2017-жылы Токтогул ГЭСине кубаттуулугу 425 МВА болгон жаңы трансформатор бардык комлекти менен 2 миллион долларга алынып келинген.
«Бишкек ЖЭБде турган эки трансформатордун чыныгы баасы 1 миллион 300 миң доллардын тегереги. Монтаждоо иштерин ашырып эсептегенде 2 миллион долларга барышы мүмкүн. Бирок, ЖЭБге коюлган эки трансформаторду 9 миллион доллар деп жазып коюшкан. «Энергохолдинг», «Электр станциялары» ишканасындагы бардык кызматкерлер, Артыкбаев менен Шадиев да ал трансформаторлор 9 миллион доллар турбасын билишет. Токтогул ГЭСке кубаттуулугу 425 МВА трансформатор 2 миллион долларга алынып жатса, 250 МВА трансформатор 4 миллион 500 миң доллар болуп калмак беле?»,-дейт ишенимдүү булак.
«Электр станциялары» ишканасы бул тууралуу катыбызга жооп бере элек. Бүгүн, 14-мартта «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы бул тууралуу эч нерсе айта албай турушканын билдирди.