• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТЭЦтеги авария:жетекчилер кутулуп, жумушчулар тутулабы?

1 Бирдин айы 2018 9:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.02. 2018. Govori.TV

Былтыр эле модернизация болуп, Кытайлык ТВЕА компаниясынын курулушчулары тарабынан 386 млн. доллар насыя акча курулган Бишкек ТЭЦиндеги авариянын залалдары азыркы чейин уланууда.  Анткени, дээрлик төрт суткага созулган жылуулуктун жоктугунан улам жүз миңдеген шаардыктар жабыр тартып, жаш балдар суукка урунуп, кары-картаңдар сасык тумоолоп, ооруканада дарыланып жаткандар дарылоону тототуп үйүнө барып турууга аргасыз болушту. бала бакчалар иштебей, ата-энелер жумуштан калды, окуучулар сабагын токтотушту. Кыскасы, Бишкектин тарыхында мындай болгон эмес, биринчи жолу миллиондогон калк колун койнуна катып үшүп турду. Имараттардагы жылуулуктун жоктугунан суу түтүктөрү, канализациялар иштен чыгып, электр энергиясы тартыштыкка учурады. Албетте, бул үчүн Өкмөттүн күнөөсүн тоодой. мындай учурда өзүн сыйлаган мамлекеттерде Өкмөт башчысы курамы менен отставкага кетет. Моралдык жана материалдык чыгымдар төлөнөт. Мындай жетекчилердин түздөн-түз күнөөсүнөн улам болгон кырсыктар экинчи кайталанбаш үчүн мамлекеттик тиешелүү структураларда катуу тазалоо жүрөт, күнөөсүнө жараша жазалоо орун алат. Ал эми биздечи?

Бир койлууга тийген “бөрү”

Бизде ар качан эле бийлик мындайда карапайым кызматчыларга чоңдугун көргөзөт. Орун басардан ылдыйды карай сыдыргыга салып, башкармалыктын башчысынын орун басары же бөлүм башчы, техникалык катачылыктар үчүн башкы инжинер менен башкы адисти, слесар менен мастерди кызматтан алып, алганда да экинчи башка ишке кире алгыс кылып, беренелер менен кетирет. Бишкек ТЭЦинде да абал ушундай эле боло турган болуп калды.

Кечээ, айрым маалымат каражаттарына ТЭЦте авария болгон күнү иштеген карапайым кызматчылардын бии байланышып, жетекчилик аларды кызматтан алып, эмгек акыларын кармап калууга аракет көрүп жатканын айткан. Албетте, коопсуздук жана коргонуу үчүн аты-жөнүн жашыруун калтырып. Бирок, бул коомчулукка чыгып кеткенден кийин, ТЭЦтин жетекчилиги андай кадамдар жасалбай турганын айтты. Албетте, ачыкка чыгып кеткенден кийин, ким эле “ооба, ошону жасаганы жатабыз” десин.  Канткен менен жетекчилик жогору жактан алган сөгүш, сындарды ушинтип кол алдындагылардан чыгарып жаткандыр…

Кызматын тапшырбаган “күнөөкөр”…

Баарынан кызыгы, ТЭЦтеги техникалык аварияга байланыштуу Өкмөттүн карманган позициясы болууда. Баардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып жаткан өкмөт башчы Сапар Исаков өзүн күнөөлүү катары сезген менен бир да жолу  “Эл алдында жетекчи катары күнөөм бар экенин сезип, өз ыктыярым менен кызматымдан кетүүгө даярмын” деген сөздү оозана алган жок. Андай болгон соң күнөөлөр менен жоопкерчиликти моюнга алунун кандай кажети бар?  Тескерсинче, ал “карга карганын көзүн чукубайт” деген принципке салып, Өкмөттүк комиссия менен бул ишти шашпай жай келгенче, күн ысыганча карап чыга турган болуп, элдин жаалын басуунун аракетине көрүп калды. Аталган комиссияга болсо Өкмөттүн тиешелүү структураларынан түзөт экен. Ошондо бир өкмөттүн тутумундагы комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн жоорусун өздөрү чукуп, чыныгы күнөөлүү Өкмөт, анын ичинде Энергетика тармагын тескегендер экенин айтып чыга алмак беле? Логикага жатпаган көрүнүш.  А эгер Өкмөт башы дароо эле коомчулукка ачык кайрылып, көз карандысыз адистерден турган комиссия түзсө баш кеп эле. А балким, авария орун алаары менен эле Сапар Исаков укук-милдеттерине таянып туруп, Улуттук Энерго холдингдин башчысы Айбек Калиев менен аны орун басары Нурлан Садыковду, КРнын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комититетинин башчысын, “Электр Станциялары” ААКсынын төрагасы менен тиешелүү орун басарын, Бишкек ТЭЦнин деректирин дароо кызматынан алып, аларга кызматтык иликтөөнү тапшырса, чындап эле жетекчи катары эл алдында аракеттенип жаткандай, калыс, акыйкат башкаруучу катары көрүнмөк. Бирок, кашайып, Сапар Исаков мындай батыл кадамдарга бара албай койду. Тескерисинче,  качантан бери энергетика тармагынын жетекчилик кызматтарында келе жаткан Айбек Калиевди канатына калкалап, “абдан аракетчил, демилгелүү жаш кадр” деп алдын-ала мактап туруп алды. Эмне энергетика тармагын өздөштүргөн, билген Айбек Рыспековичтен башка кадр жокпу? Ал анчалык алдыга кеткен акылдуу кадр экен, кана энергетикалык тармакта коррупция токтоп, ГЭСтер курулуп, гүлдөп кеткенибиз?

Демек, жогоруда белгилегендей эле ТЭЦтеги авария боюнча ТЭЦтегилер гана жоопкерчилик тартаары көрүнүп калды окшойт. Болбосо, биз жогоруда санаган мамлекеттик органдардын көбүнүн акыркы учурлардагы энергетикалык тармактагы терең кризиске-Нарын ГЭСтерин куруу боюнча Орусия менен ойрон болгон долбоорго, андан кийинки чехиялык аферисттер менен болгон “Лиглас-гейт” окуяларына тиешеси барлар. Өкмөт башчысы  өзү баш болуп, ошол орошон чырларда суудан кургак чыкты эле, эми ТЭЦтеги аварияда деле кылы кыйшайбайт. Анткени, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун буларга анчалык таасири жок эмеспи…

“Дүжүр” парламент…

Кыргыз коомчулугу кечээ Жогорку Кеңеш ТЭЦтеги абалды талкууламакчы болуп, “Сапар Исаков өзү келсин” деген эл өкүлдөрүнүн дымагынан үмүт артып турушкан. Бирок, жарыш сөзгө жабалактап жазылган эл өкүлдөрүбүз ТЭЦтеги авариялык абалдын өтө майда жагына басым жасап, бирин-экинчиси кайлаган тажатма суроолорду берип, айрымдары энергетиктерге сыйлык берүүнү сунуштап, талылуу маселенин чекитин таппай коюшту. Болбосо, ТЭЦтегиавариялык абалдын келип чыгышы ири алды-386 млн. доллар насыя менен ТЭЦтин модернизация болушуна байланыштуу экени анык эмеспи. ТЭЦтин ардагерлери айтмакчы, курулгандан бери бир да жолу мынчалык чоң масштабда авария болуп, Бишкектиктерди кыш чилдеде үшүтпөгөн ТЭЦтин жаңылангандан кийин жарамсыз болушунда өтө чоң суроолор жаткан. Биринчиден, модернизация өтө чыгымдуу бирок, эффект бербеген долбоор болуп калганы ачыкка чыкты. Экинчиден, модернизация учурунда эски менен жаңы ТЭЦ шайкеш иштеши камсыздалбаганы да белгилүү болду. Үчүнчүдөн,  модернизацияга салынган каражатка жараша ТЭЦ технологиялык заманбап мүмкүнчүлүктөргө ээ болбоптур. Мына ошондуктан келип чыккан техникалык авария, авариядан кийинки абалды жөндөөгө техниканын жарамсыздыгы миллиондогон калкты көк муштум кылып тоңдурду. Жогорку Кеңеш мына ушул түйүндү кечээ чечип, көз карандысыз комиссияны жарандык коом, энергетика боюнча атайын адистер менен карап чугуу чечимин кабыл алып, Өкмөттү отставкага кетирсе мүмкүнчүлүгү бар болчу. Алар эң ириде ушул Өкмөттү, ошол министрлер кабинетин өздөрү шайлап, ишеним көрсөтүп бекиткен соң ТЭЦ үчүн өздөрү да жооптуу экенин сезгенде, абал башкача жагына өзгөрмөк. Бирок, парламент мындай батыл кадамга бара албай, өтө маданияттуу жана жумшак формада жазылган токтомдун долбоорун бекитип, жөн болушту.

Андан да кызыгы айрымдары, ТЭЦтин жетекчилигин жоопко тартып, анын үйөмүлкүн конфискациялап, өзүн бир канча жылга кесип жиберүү керектигин айтканда, эл жакасын кармады. Тимеле, ошол ТЭЦтин деректири өзү үйүнө отуруп алып модернизация дегенди ойлоп таап, 386 млн. сомду чөнтөгүнө солоп алып, ТЭЦтин насосун түнү менен барып, баткакка толтуруп койгондой жаалашканда, Жогорку Кеңештин жалпы фону көз алдыңа тартылат экен…

Количество просмотров: 23