• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Театрдагы колхоз…» «Аста секин: колукту» музыкалык комедиясы тууралуу пикири үчүн Юртаева сынга калды

14 Үчтүн айы 2022 19:51 Бишкек Govori.TV

Насыр Давлесовдун «Аста секин: колукту» аттуу музыкалык комедиясынын жарнамалык постун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн Виктория Юртаева бир катар соцтармак колдонуучуларынын сынына калды.

Ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына «Театрдагы колхоз. Күтүлгөн… жана өкүнүчтүү» деген пикирин жазган.

Ага сын айтып жооп бергендердин арасында КР эмгек сиңирген артист Жамиля Муратова да бар. Ал мсоцтармагына пикирин жазган пианист Юртаеванын бул кадамын туура эмес деп баалаган. Мындан тышкары да бир катар социалдык тармактын колдонуучулары өз пикирлерин жазышкан.

Количество просмотров: 647