• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Текебаев: Атамбаевдин саясий туткун болуусун каалабайм

30 Баш оона 201913:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

Сот залынан бошотулган саясатчылар тарапташтары менен жолугушту. Андан соң Текебаев журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берип, мурунку президент Алмазбек Атамбаев тууралуу пикирин айтты.

Количество просмотров: 36