• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Текебаев: Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетелеме болуп калды

22 Бирдин айы 2020 13:14 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 22-февралда «Ата Мекен» партиясынын борбор калаада өткөн жыйынында билдирди.

«Кыргызстанда экономикалык абал начарлап, инвестиция качып жатат. Өкмөт демилгесин жоготту. Ат Башы районуна курула турган логистикалык борборду Өкмөт өзү чечпей, эл чечти. Чек ара меселесин жөнгө салчу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы отставкага кетти. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетелеме болуп калды. Бүгүн биз кооптуу кырдаалда жашап жатабыз. Андыктан баштан аяк өзгөрүү жасоо керек. Ал өзгөрүү шайлоону акыйкат өткөрүү, ошондо гана эл ынанат. Алдыдагы шайлоо капчыктардын жарышы эмес, жеке инсандардын жарышы болуш керек. Өкмөт, Президент ушундай шайлоо өткөрүш керек»,-дейт саясатчы Өмүрбек Текебаев.

Количество просмотров: 1769