• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Текебаев: Мен юридикалык жактан акталуум керек

29 Баш оона 2019 18:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, Биринчи май райондук соту аларды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алып, сот залынан бошотту.

Соттон чыккан соң Чотонов менен Текебаев «Ата Мекен» партиясынын кеңсесине барышып тарапташтары менен жолугушушту.

Алар эл алдында сөз сүйлөштү. Саясатчыларды тосуп алганы экс-президент Роза Отунбаева, Темир Сариев, Медеткан Шеримкулов жана башкалар келишкен.

Андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Мен юридикалык жактан акталуум керек жана ошого болгон күчүмдү жумшайм»,-деген сөзүн айтып, алдыдагы пландары менен да бөлүшө кетти.

Эске салсак, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 

Количество просмотров: 11