• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Текебаев менен Чотонов үй камагына чыкты

29 Баш оона 2019 16:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды. Саясатчыларды сот залынан бошотушууда.

Алардын тарапташтары Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында тосуп алуу үчүн күтүп турушат.

Ага саясатчылардын өздөрү да жеткирилди. Саясатчылардын бөгөт чарасын кароого адвокаттар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жакын туугандары гана киргизилди. Журналисттерге уруксат берилген жок.

Белгилей кетсек, жактоочулар соттон саясатчыларды тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн. Ал эми прокурорлор Текебаев менен Чотоновду камакта калтырууну суранышкан.

Эске салсак, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. 


Количество просмотров: 72