• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Текебаев менен Чотоновдун соту жылдырылды

10 Жалган куран 2020 9:23 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коррупция үчүн айыпталган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соту өттү. Саясатчылардын ишин кароо 23-мартка жылдырылды.

9-марттагы отурумда А.Базаркулов, Ж.Ташматов, Б.Айдакеев жана К.Байболовдун көрсөтмөлөрү айтылды.

Эске салсак, Текебаев менен Чотонов «орус жараны Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Айыптоочу тарап окуя 2010-жылдын 13-майында Бишкектин четиндеги «Супара» ресторанында болгонун жүйө келтирген. Жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.

Количество просмотров: 73