• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Текебаев пара менен кармалган кызматкерлери боюнча үн катты

6 Чын куран 2023 16:49 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин тарабынан пара менен кармалган министрликтен 13 кызматкери боюнча үн катты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Текебаев коррупция менен болгон күрөштү колдойт жана пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусу керек деп эсептейт.

«Мыйзам баарына бирдей! Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупция менен болгон күрөштү колдойт жана пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуу керек деп эсептейт.

Биздин министрлик ачык-айкындуулукту жана коррупция менен аёосуз күрөшүү жолун улантат. Министрликтин репутациясына доо кетирген жана берилген милдеттерин так аткарбаган кызматкерлердин ордуна кесипкөй адистер алынып турат», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, аталган министрликтин 13 кызматкери кармалган.

Количество просмотров: 2139