• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Текебаев: Салянованын иши бул — абсурд

10 Бештин айы 2019 17:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку сотто мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновага лицензия боюнча козголгон кылмыш иши жаңы жагдайлар менен каралууда. Ал эми мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев Саляновага козголгон кылмыш ишин абсурд деп баалады.

Аида Саляновага козголгон иш негизсиз козголгон. Салянова өзүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн милдетин аткарды. Мыйзамда эмне көрсөтүлдү… Эгер аракеттеги адвокат мамлекет кызматына барса ал ишин токтотот, ал эми кызматтан кеткенден кийин лицензиясын кайра алып иштей берсе болот.

Бул иштин заказчиги Атамбаев болгон дейбиз, анын кеткенине эки жыл болду. Эмне үчүн дагы эле созулуп жүрөт мен үчүн түшүнүксүз, — деди Текебаев.

Количество просмотров: 196