• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Текебаев Сооронбай Жээнбеков тууралуу өз сөзүн айтты

29 Баш оона 2019 20:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2019.Govori.TV.

Үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев Сооронбай Жээнбеков тууралуу өз пикирин айтып, Жээнбеков жакшы аткара алды деген иштер тууралуу айтты.

” Үч жыл мурун Атамбаев мени камайт деп конкреттүү элестеткен эмесмин. Бирок туюмумду гана айткам. Орундар алмашты. Мына азыр коомго сабак боло турган чоң окуялар болду. Тарых алмашаарда, эски стереотиптер сынаарда ушундай окуялар болот. Сооронбай Жээнбеков ушул кырдаалга өмүр бою даярданды беле? Көп оппоненттер ошонун ичинде мен дагы ” биз мындай саясатчыны билбептирбиз, кокусунан чыга калды” деп айткан элек. Карапайым адамдар, саясий аналитиктер сезе биле бербеген тарыхый өнүгүүлөр болот. Башка бирөө эмес, мен эмес, Адахан эмес, Темке эмес,Боке эмес. Ушул иштин барын Сооронбай Шарипович жасап атат. Бул тарыхый чындык. Муну эч ким тана да албайт.” – деди Текебаев. 

Количество просмотров: 1073