• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Текебаевдин абактагы камерасына видеокөзөмөл коюлду

29 Үчтүн айы 201816:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев отурган камерага видеобайкоо орнотулду. Бул тууралуу SUPER.KG’ге 29-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, мындай аракет Текебаевдин коопсуздугу үчүн болду.

«Кылмыш-жаза кодексинин 55-беренесинин негизинде соттолгон адамдын коопсуздугу үчүн администрация видеокөзөмөл орнотууга укуктуу. Бирок бул соттолгон адам менен жазуу түрүндө келишимге келип, анын макулдугу менен гана ишке ашат. Өмүрбек Текебаевге да видеокөзөмөл орнотулду», — деп билдирди Сабатарова.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдуар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Булак. Супер.кж

Количество просмотров: 16