• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Белизгейт: Текебаевдин адвокаттарынын доо арызын сот канааттандырган жок

17 Үчтүн айы 2018 16:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.18.Govori.TV

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын жана Өмүрбек Текебаевдин ар-намысын коргоо максатында 2017-жылдын март айында жазылган доо арызын Биринчи Май райондук соту канааттандырган жок. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайкул Токтакунова билдирди.

«Биринчи Май райондук соту доо арыз ээлеринин катышуусу жок эле чечим чыгарган жана өкүмдүн көчүрмөсүн эмдигиче колдоруна ала элек. Биз  Өмүрбек Текебаевдин кадыр баркына доо кетти деп 60 миллион төлөп берүү талабын койгонбуз. Эгер сот канааттандырса ал акчаны Алмазбек Атамбаевге соттон утулуп, акча төлөмөк болгон журналисттерге жана адвокаттарга бөлүнүп бермек»-дейт адвокат Токтакунова.

Эске салсак, депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана партия лидери Өмүрбек Текебаевдин Белиз өлкөсүнөн офшордук эсептерге тийешеси бар деген жалган маалыматы үчүн УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев жана Атамбаевдин президенттик аппаратынын башчысы Алмаз Усеновдун үстүнөн арыз жазган.

 

Количество просмотров: 11