• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Текебаевдин адвокатынын мүлкү сатыкка коюлат

7 Жалган куран 2018 15:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.03.2018.Govori.TV.
Текебаевдин адвокатынын мүлкү сатыкка коюлат. Мындай өтүнүч менен Алмазбек Атамбаевдин өкүлү сотко кайрылып жатканын Өмүрбек Текебаевдин юристтери маалымдашты.
Юрист Канатбек Азиздин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, бул тууралуу аларга сот аткаруучулар маалымдашкан. Азиздин сөзү боюнча, президенттин өкүлү юрист Таалайгүл Токтакуновага таандык батирди сатыкка коюуну көздөөдө:
-Менде эч кандай мүлк жок болгондуктан, сатыкка кое турган да эч нерсе жок. Бирок биз Таалайгүл Токтакунова экөөбүз тең декабрь айынан бери айлык акы ала элекпиз. Банктагы эсепти Октябрь райондук соту камакка алгандыктан банк бизге айлык акыбызды бербей келатат. Биз акыркы убакытка чейин Атамбаевден пикирин өзгөртөт деп күтүп келгенбиз.
Канатбек Азиздин маалыматы боюнча, аларга президенттин өкүлү «өткөн жылы кулаган учактагы жүк Атамбаевдики эмес деп төгүндөгүлө» деп, бирок ошол эле учурда сот тарабынан салынган 10 млн. сом айыппулду да төлөгүлө деп талап кылган.
Өмүрбек Текебаевдин юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз өздөрүнүн укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен Улуттар уюмуна жана башка эл аралык уюмдарга кайрылышкан.
Башкы прокуратура «Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиздин Бишкектеги маалымат жыйынында Дача-СУ айылында кулаган учактагы жүк боюнча айткандары президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет» деген доо арыз менен сотко кайрылган.
Айыптоочулар алардан президенттин пайдасына моралдык зыян үчүн 10 миллион сом өндүрүп алууну талап кылган. Бардык сот бутактары доону толук канааттандырып, ошондой эле юристтерди маалымат жыйынын өткөрүп, учактагы жүктүн Атамбаевге тиешеси жок экенин айтууга милдеттендирген. Юристтер соттун чечими менен макул эмес экенин айтып жатышат.
Булак: Азаттык
Количество просмотров: 22