• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Текебаевдин ден-соолугу текшерилди. «Дөө» абактан чыкты. Соңку жаңылык 18 01 18

18 Үчтүн айы 2018 13:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.01.18.Govori.TV

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун дарыгерлер текшеришти.

Эми анын жыйынтыгы менен саясатчыны кадимки ооруканага чыгаруу же чыгарбоо тууралуу маселе чечилет. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады:

Абакка сырттан атайын адистешкен эки дарыгер келип Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун карап кетишти. Текебаев ошол жерде эле дарыланса болобу же башка ооруканага барып стационардык дарылануудан өтүшү керекпи, ошол дарыгерлер чыгарган жыйынтыкка жараша болот.

Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине мурдагы кызматташы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп, 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкашканын билдиришкен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Чыңгыз Жумагулов абактан чыгып кеткенин ырастады.

Аны 17-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мөөнөтүнөн мурда, шарттуу бошотконун мекеменин маалымат кызматы билдирди. Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө” деген каймана атка ээ, ИИМдин базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыкканын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы Нурлан Таштан уулу кабарлаган эле.

Бүгүн эртең менен Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева бул маалымат туура эмес экенин айтып, сот Жумагуловду жети жылга эркинен ажыратканын билдирген.Чыңгыз Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен 18 жылга соттолгон. Ага карата өкүмдү 2017-жылдын 6-январында Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Бишкекте эки машина сүзүшүп 3 адам жабыркады.

Бул тууралуу бүгүн, 18-январда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка караганда, жол кырсыгы Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Анда 21 жаштагы айдоочу Гольф-4 үлгүсүндөгү унаасы менен Тойота Авенсис унаасын сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Тойотанын жүргүнчүсү 41 жаштагы П.В. жана 2017-жылы туулган ымыркай, Гольф-4 унаасынын  Жүргүнчүсү Ю.К. жабыркап, ооруканага жеткирилген.Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, топтолгон материалдар тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 7