Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев үйү тинтүүгө алынып, суракка алынган саясатчы, активисттер тууралуу пикирин билдирип, аларды үй камагына чыгарып ишти ар тараптуу тергөөгө чакырды. Текебаев Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Перизет Суранова мыйзам бузууга барбай турганына ишенерин айткан.
“Коркутуп, үркүтүү, кармоо, камоо туура эмес жол деп эсептейм. Бул жакшылыкка эмес, туңгуюкка алып барат. Муну биздин акыркы отуз жылдык тарыхыбыз көргөздү”, — деди Текебаев.