• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Телефон аркылуу элди тоногон абактагы кылмышкер кармалды

8 Үчтүн айы 2018 17:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.18.Govori.TV

Абакта олтуруп телефон аркылуу элдерди тоногон кылмышкер аныкталды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымдайт.

Маалыматта № 47 түрмөдө мөөнөтүн өтөт жаткан 30 жаштагы Т.К. телефон аркылуу балдарынын дарылануусуна акча издеген ата-энелерди алдап, акча, кийим-кечек жана тамак-аш талап кылгандыгы айтылат. Анын Түркияда бекер дарылануу уюштуруу убадасына үч үй-бүлө ишенип, акча жана башка талаптарын аткарган.

Бул боюнча маалымат социалдык тармакта жарыялангандан кийин Жаза аткаруу кызматы иликтөөнү баштайт. Жыйынтыгында буга чейин алдамчылык жана жаза өтөө жайынан качкандыгы үчүн 7 жылга соттолгон Т.К. аныкталат.

Иликтөөнүн жыйынтыгы кызматтын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 4