• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Темир электр мамычасына чыгып алып, түшө албай калган кыз куткарылды

16 Кулжа 20259:36 Бишкек Govori.TV


БИШКЕКТЕ ЭЛЕКТР МАМЫСЫНА ЧЫГЫП АЛЫП, ТҮШӨ АЛБАЙ КАЛГАН ЖАШ КЫЗ КУТКАРЫЛДЫ. Бул тууралуу ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ билдирет.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Айни көчөсүндө кечээ, 15-июнда болжол менен 18-20 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) жогорку чыңалуудагы темир электр мамычасына чыгып алып, түшө албай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, темир электр мамычадан кызды аман-эсен түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 147