• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Темир жолдо уктап калган жаранды кайгуулчулар куткарып калышты (видео)

26 Теке 2022 13:14 Бишкек Govori.TV

Темир жолдо уктап калган жаранды кайгуул кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда темир жол тосулуп, авто унаалар поездин өтүп кетүүсүн күтүп, токтоп турган.

«Кайгуул кызматкерлери башка унаалардай эле күтүп токтоп турган учурда, алыстан темир жолдо белгисиз жаран жаткандыгын байкап калышат. Аңгыча каттуу ылдамдык менен келе жаткан поездин каттуу үнү угулат, ошого карабастан ыкчам аракеттин негизинде, өз өмүрлөрүн тообокелчиликке салып, темир жолдо жаткан жаранды куткарып калышты», — деп жазылат маалыматта.

Тактоо учурунда бул жаран өз сөзүндө өз жанын кыйууга аракет кылбагандыгын жана мас абалында жөн кана уктап калгандыгын айтып, туруктуу жашаарга үй-жайы жок жаран экендиги аныкталган.

Количество просмотров: 527