• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Тентек балаңар укпай жатат». Каныбек Иманалиев Ысык-Көлдүн аксакалдарына кайрылды

24 Жетинин айы 2020 12:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Ысык-Көлдүн аксакалдарына кайрылды.

Анын айтымында, Садыр Жапаров элди укпай жатат.

«Урматтуу Ысык-Көлдүн аксакалдары! Мен өзүм Ысык-Көлдүн жээни болом. Ысык-Көл кыргыздын бермети. Сөз касиетин барктаган эл. Тилекмат аке, Кыдыр аке, Мойт акелер эч убакта картайбаган акылдын кенчи. Ысык-Көл дүйнөгө ошол адамдар менен таанылган. Мен көлдүк Ишенбай Абдразаковдун окуучусумун, кол алдында иштегем. Атаганат, ошол адам тирүү болгондо мамлекет башчы болсун деп чыкмакмын. Көлдүн улуу интеллигенциясы Аманбаев, Чолпонбаев, Усуп Мукамбаев бирок Садыр Жапаров эмес. Ысык-Көлдүн аксакалдары айланайын, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби! 2 жыл губернатор болуп иштесин. Өссүн, өнүксүн. Анан келип өкмөт башчы болсун. Натыйжада даяр болуп келсин»,-деди Иманалиев.

Количество просмотров: 7672