Бишкек. 18.12.2018. Govori.TV
Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы ызы-чуудан камалган балдардын 13ү бошотулду. Ал эми калган 3 бала 6-январга чейин камакта калтырылганын “фейсбук” баракчасына Кылыч Шанаев аттуу тургун жазып чыкты.
“Адилеттүү чечим болду. Кудай буйруса 3 жигитибиз дагы акталып чыгат”,-деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 5-ноябрда “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда 15 жергиликтүү тургуну милицияларга карата күч колдонуп, анын кесепетинен кызматкерлердин денесине зыян келтирилген.
6-ноябрь күнү бул факты боюнча Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү “бейбаштык” жана “Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
4-декабрь күнү Жалал-Абад шаардык соту шектүү 15 жарандын баш коргоо чарасын карап, алтоосун 1 айга, 9 жаранды 2 айга камакта калтырган.