• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте алты жаштагы кыз 6-кабаттан кулап каза болду

16 Жалган куран 202517:10 Бишкек Govori.TV

Бишкекте алты жаштагы кыз алтынчы кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Окуя бүгүн, 16-мартта 7-кичирайондо болгон. Полицияга үйлөрдүн биринин терезесинен адам кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, каза болгон адам 2019-жылы туулган кыз экенин аныкташкан.

Бала оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлердин аракетине карабай каза болгон.

Окуя боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталып, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 277