• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тез тамактануучу жайдын ижарачысы 2 айга камалды

22 Кулжа 20209:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы өрт чыккан «Шаурма на мангале» тез тамактануучу жайынын ижарачысы СИЗО-1 мекемесине камакка алынды. Бул тууралуу Govori.TVга Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылаыйк, Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан 17-июнда 1989-жылы туулган Э.Б. 2 айга тергөө абагына камалган.

Эске салсак, 15-июнда Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болуп, анын кесепетинен өрт башталган. Өрттөн дарыкана, дүкөн жана тиричилик жабдыктары жабыркаган. Ошондой эле өрттүн кесепетинен бир адам — 1995-жылы туулган Г.Т. көз жумду.
Бул факт Жазык кодексинин 261-беренеси (өрт коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталып, тез тамактануучу жайдын ижарачысы сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында кармалган.

Количество просмотров: 205