• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Тез жардам кызматынын унаасы 68 жаштагы кишини сүзүп кетти

31 Тогуздун айы 202516:37 Бишкек Govori.TV

Көк-Жар айылында өлүмгө алып келген кырсык катталды. Окуя 30-октябрда кечке маал болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, унаа тез жардам кызматын көрсөткөн жеке компанияга таандык болгон. 36 жаштагы айдоочу кишини жөө өтмөктөн уруп кеткени айтылды.

Жабыркаган киши ооруканага жеткирилигени менен каза болуп калган.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 272