TezJet учагы Манас аэропортуна конуп жатканда капталга кулап калган. Бул тууралуу күбөлөр Kaktus.media сайтына билдиришкен, ал эми маалыматты «Кыргызстан аэропорттору» ААК тастыктады.
Саат 16:15ке карата жүргүнчүлөр авариялык чыгуу аркылуу эвакуацияланып жатат.
Аэропорттун кызматкерлери окуя тууралуу кийинчерээк толук маалымат берерин убада кылышты.