• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тигүү цехинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

4 Жетинин айы 202118:48 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тилсиз жоо түшкү саат 12лер чамасында башталган. Саат 13:26да өрт чектөөгө алынып, саат 17:12де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүм тартылган.

Өрттүн күйүү аянты болжол менен 125 чарчы метрди түздү. Өрттүн кесепетинен 4 жаштагы кыз каза болду.

Теги:
Количество просмотров: 463