• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тилеуханов: Көчмөндөр оюну — ири мелдеш эмес! Ошондуктан биз жаштар командасын жибердик

11 Аяк оона 2018 11:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболат Тилеуханов казак оюнчулары Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарына даярдыксыз барды деген айрым пикирлерге жооп кайтарды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
«Көкбөрүчүлөр Көчмөндөр оюндарына даярдыксыз барды деп айтканга болбойт. Окуу, машыгуулар өтүп жатат. Бизде жаштар жана чоңдор командалары болуп, жалпысынан 300 көкбөрүчү бар. Жаман ойногон жокпуз. Байгелүү орунга жетип, коло байгеге ээ болдук. Анан калса Көчмөндөр оюндарына чоңдор эмес, жаштар командасы кеткен. Көкбөрүчүлөрдүн утулуп калышынан трагедия жасоонун кажети жок. Өзбектер деген ким? Алар улуу спорт державасы экенин билип койгула. Алардын оюнчулары отузга таяп калгандар болчу. Биздики жаштар болду. Абдан татыктуу оюн көрсөтүштү», — деди Тилеуханов.
Ал ошондой эле жакында Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында Казакстандын боксчулары менен дзюдочулары утулуп, бир да байге албаганын айтып, андан трагедия жасабай, көкбөрүдөн трагедия жасап жаткандарды түшүнбөй турганын кошумчалады.
Тилеуханов, андан сырткары, «бардык көк бөрүчүлөрдүн шагын сындырып, казактар шордуу, бечара экен деп кемсинткенге болбой турганын» белгиледи. Ошондой эле социалдык тармакта түрдүү пикирлерди жазып жаткандарга кайрылып, «Фейсбук — бул өзүнчө аалам, ар ким өзүнүн оюн айтып, эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт» деди ал.
Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти андан сырткары Көчмөндөр оюндарына эмнеге жаштар командасы жиберилгенин айтып түшүндүрдү.
«Бир четинен алганда бул Азия же Дүйнө чемпионаты эмес. Алардын жанында бул жөнөкөй гана фестиваль. Ошондуктан биз жаштар командасын жибердик. Алар дагы тажрыйба топтошу керек», — деди Тилеуханов.
Эске салсак, Көчмөндөр оюндарында Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы Өзбекстанга 4:5 эсебинде утулган. Бул окуяны социалдык тармакта казакстандык колдонуучулар катуу сынга алып, өмүрү көк бөрү тартып көрбөгөн командага утулуп калышы уят экенин жазып чыгышкан.
Количество просмотров: 30